Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

Оман төрт күндөн бери толкуп жатат


Омандын экинчи чоң шаары Сухарда өкмөткө каршы чыгуулар төрт күндөн бери токтобой жатат. Полиция 1-мартта жумуш берүүнү жана саясый реформаны талап кылган калайман элди асманга ок атып таркатканга аракет кылды. Тополоңдо бир адам оң жаңылып, жарадар болгону кабарланды.

28-февралда өлкө байтакты Мускатта да саясый реформаны талап кылган көчө жүрүшү болду. Оманды 40 жылдан ашуун убакыттан бери Султан Кабус бин Саид башкарат.

XS
SM
MD
LG