Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

ЕККУнун учурдагы төрагасы Кыргызстанга келет


Бүгүн Кыргыз мамлекетине Литванын тышкы иштер министри жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрагасы Аудронюс Ажубалис келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Ушул эле күнү ал Ош шаарына барып, облустун губернатору Сооронбай Жээнбеков, шаар мэри Мелис Мырзакматов жана жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушмакчы. 3-март күнү ал Бишкекте премьер-министр Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолугушмакчы. Жолугушуу маалында ЕККУнун Кыргызстанга жардам берүү мүмкүнчүлүгү талкууланары пландалган. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG