Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:21

СССРдин 1-президенти Михаил Горбачев 80ге чыкты


"Горбачев-Фонд" корунун маалыматында СССРдин биринчи жана акыркы президенти өз мааракесин Москвада үй-бүлөсүнүн кашында белгилейт.
Михаил Горбачев 80 жылдык мааракесинин урматына "Дүйнөнү өзгөрткөн адам" деген аталыштагы сыйлыкты уюштурган. Сыйлык тапшыруу аземи 30-мартта Лондон шаарында Алберт-Холл сарайында өтөт.

Сыйлык үч багытта: кайра куруу жаатында "Цивилизацияны өнүктүрүүгө салым", айкындык жаатында "Ачык коомдогу маданиятты өнүктүрүүгө салым" жана илгерилөө жаатында "Учурдагы илим менен технологияны өнүктүрүүгө салым" боюнча 3 кишиге ыйгарылат.

XS
SM
MD
LG