Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Евробиримдик Кыргызстандагы реформаларды колдойт


1-мартта Брюсселде Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу президент Роза Отунбаева баш болгон Кыргызстандын делегациясы менен жолукту.

Жозе Мануэл Баррозу учурдагы демократиялык жараяндар Кыргызстан гана эмес, жалпы эле Борбор Азия чөлкөмүндө өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

- Европа биримдиги Кыргызстандагы туруктуулукту жана демократияны өнүктүрүүдө өлкөнүн учурдагы жетекчилигинин алдына койгон ишенимдүү максаттарын өтө жогору баалайт. Жолугушуулар маалында президент Отунбаеванын каармандыгына жана мүдөөгө берилгендигине өтө жогору баа бердим. Мен Кыргызстанды өткөн жылы башталган демократиялык жараян менен куттуктадым.

Президент Роза Отунбаева Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар арлык жаңжалдын кесепетин жоюуда өлкө бийлигинин аракеттерине токтолду:

- Биз жаатташкан эки тарапты жакындатуунун үстүндө болгон күч аракетибизди жумшап жатабыз. Жаңжалдын запкысы өтө терең кеткен. Бул ишти аткарууда албетте жалпы эл аралык коомчулуктун жакындан көңүл буруусу зарыл, ошондой эле каржылык колдоо керек.

Евробиримдик Кыргызстанга 2010-11-жылдарда 118 миллион евро жардам убада кылган. Еврокомиссия чукул арада Бишкекке бюджетке кошумча жардам берүү мүмкүнчүлүгүн талдоого өз эксперттерин жөнөтөт.

XS
SM
MD
LG