Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

АКШ элчилиги: Транзиттик борборго ташылуучу авиакеросин салыктан бошотулган


Бишкектин четиндеги “Манас” аба майданынын жанынан орун алган АКШнын Транзиттик жүк ташуу борборун күйүүчү май менен камсыз кылууда эч кандай салыктар болбошу керек.

Бул боюнча атайын билдирүүсүн бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги таратты. Билдирүүдө 2009-жылы түзүлгөн эки тараптуу кызматташуу келишимине ылайык, Кошмо Штаттар тарабынан же бул өлкөнүн атынан Кыргызстанга сатылып алынган товар же көрсөтүлгөн кызмат салык, бажы жана башка төлөмдөрдөн бошотулат деп айтылат.

Транзиттик жүк ташуу борборуна алынып келинген товарлар жана кызматтардын тизмесине субподрядчиктер тарабынан камсыз кылынган күйүүчү май да кирет.

АКШ тарап транзиттик борбор үчүн Кыргызстанга жыл сайын 60 миллион доллар төлөп турары бекитилген. Жогорку Кеңештеги оппозциячыл депутаттар АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборуна келчү авиакеросинге атайын төлөм киргизүү демилгесин көтөрүүдө.

XS
SM
MD
LG