Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Кыргызстан-Беларус өкмөттөр аралык комиссиясынын отуруму болот


Жакын арада Кыргызстан менен Беларустун ортосунда түзүлгөн өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отуруму болот. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин Беларус элчиси Виктор Денисенко менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Алмазбек Атамбаевдин пикиринде, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан да күчөтүү мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок алар учурда толук пайдаланылбай келет.

Расмий маалыматтар боюнча, былтыр эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 60 миллионго жакын долларды түзгөн.

XS
SM
MD
LG