Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:37

Мамлекеттик кадр кызматы кирешеси тууралуу маалымат бербегендерди жарыялады


1-мартка карата Кыргызстанда 258 чиновник кирешеси туурасында декларацияны тапшырган эмес. Анын ичинде президенттин аппаратынан 8 киши , өкмөт аппаратынан 8 киши, парламенттен 4 депутат жана паламенттин иш башкармалыгынын жетекчиси, 3 губернатор жана башка чиновниктер бар.

Кирешеси тууралуу декларацияны тапшыруу чарасы 2004-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Аны саясий, жогорку административдик жана башка атайын мамлекеттик кызматты ээлеген жарандар бериши керек. Үстүбүздөгү жылдын 1-мартына карата Кыргызстанда 1530 чиновник кирешеси тууралуу маалымат бериши керек болчу. Алардын ичинен 1273ү декларация тапшырган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG