Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 08:02

Талиптер Пакистандын тарса министрин атып кетишти


Пакистандын диний азчылыктар боюнча министри бүгүн (2-мартта) кол салуудан каза тапты. Полициянын маалымдашынча, белгисиз куралчандар Шабаз Бхатти Исламабаддагы үйүнөн чыгып, жумушка жөнөп жатканда атып кеткен. Express News телеканалынын билдиришинче:

- Шабаз Бхаттинин машинеси үйдөн узар менен куралдуу адамдардын унаасы камоого алып, ок ачкан. Ал оор жараат алган. Айдоочу Шабаз Бхаттины ооруканага жеткирип, аман сактап калганга аракет кылды. Ага карабай азчылыктар министри алган жараатынан жолдо каза тапты.

Кол салуу үчүн пакистандык талиптер жоопкерчиликти өздөрүнө алышты. Бхатти Пакистан өкмөтүндөгү жагыз тарса болчу жана Исламга сөз тийгизди деп, өлүм жазасына тартуу жөнүндөгү мыйзамга ынанбаганын ачык айтып чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG