Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:58

Египетте «Мусулман агайындардын» 2 мүчөсү түрмөдөн чыгат


Египеттин маалымат агенттиктеринин кабарлашынча, 5 жылдан бери абакта отурган «Мусулман агайындар» кыймылынын эки лидери бошотулат.

"MENA» агенттиги Египеттеги эң чоң оппозициялык кыймылдын негизги жетекчилеринин бири Хайрат эл-Шатер менен таанымал ишкер жана бул уюмду каржылаган Хассан Малек ден соолуктарына байланыштуу түрмөдөн чыгаарын билдирди.

3 апта мурда Египетте башкаруучу режим алмашып, «Мусулман агайындар» кыймылы ыңкылаптын негизги күчтөрүнүн бири болгон.

Ал эми абактан бошотулуп, аталган кыймылдын эки лидери арам акчаны адалдаштыруу жана террордук аракеттер үчүн деген кине менен 7 жылга түрмөгө кесилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG