Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Франкфурт аэропортунда эки киши атылды


Франкфурт шаарынын аба майданында эки киши октон көз жуумп, экөө жарадар, анын бири оор абалда экени кабарланды.

Полициянын айтуусунда, теги косоволук адам америкалык аскерлер түшкөн автобуска ок чыгарган, учурда ал камакта.

АКШ президенти Барак Обама «Биз Германия бийлиги менен бул кол салууга буйрук кылган бардык кылмышкерлерди сот жообуна тартуунун үстүндө иштейбиз, муну мен ар ким түшүнсө дейм», деп айтты.

Франкфурт полициясынын маалымат катчысы набыт болгон эки адамдын бири автобустун айдоочусу жана экинчиси жүргүнчү экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG