Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Кыргызстандын алты жараны Ливиядан Түркияга келишти


Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Айым Кулукеева «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка ылайык, Ливияда жүргөн алты кыргызстандыкты 2-мартта түрк кемеси Стамбул шаарына жеткирген. Азыркы тапта алар мейманканага жайгашып, тамак-аш менен камсыз болушту.

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу жарандарды мекенине алып келүү иштерин жүргүзүп жатат.

Буга чейин Кыргызстандын үч жараны элдик толкундоолор болуп жаткан Ливиядан Украина аркылуу кайтып келишкен болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG