Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Нарында Мамлекеттик Туу күнү белгиленди


Мамлекеттик Туу күнүнө карата Нарын шаарында калпак кийип, туу кармаган жаштар жөө жүрүшкө чыгышып, облустук драма театрында расмий иш-чара өткөрүлдү. “Азаттыктын” аймактык кабарчысы маалымдагандай, Туу күнүн белгилөөгө кеминде алты жүзгө жакын облус тургундары, бийлик өкүлдөрү катышышты. Бир катар катышуучулар элди Кыргызстандын мамлекеттик белгилерин сыйлоого үндөштү. Бул өңдүү иш-чаралар Жаштар иштери боюнча министрликтин демилгеси менен Кыргызстандын бир катар облустарында болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусун 1992-жылы легендарлуу парламент эки айча талкуулап, 3-мартта бекиткен. Анын авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков. (ErB/KKs)

XS
SM
MD
LG