Бул тууралуу спикер Ахматбек Келдибеков ай башында Орусияга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу парламентте маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, 548 миң эмгек мигрантынын 17 миңи гана расмий уруксат менен эмгектенет экен. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда мигранттар боюнча түзүлгөн келишим аяктайт. Ушул тапта бул келишимди узартуу аракеттери жүргүзүлүп жатат. (KKs)