Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Йемендин оппозициясы президентке “кетүү” планын сунуштады


Оппозициячыл топтор мамлекет башында отуз эки жылдан бери турган Али Абдулла Салехке бийликтен ушул жылдын соңуна чейин тынч кетүүсүн караган планды сунуш кылды.

Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, план диний аалымдардын жыйынында макулдашылган.

Салех сунуш кылынган планга карата мамилесин бүгүн билдирери күтүлүүдө. Йеменде президенттин кызматтан кетишин талап кылган демонстрациялар 16-февралдан бери өтүп жатат.

Башаламандыктардан 19 адам каза тапты. Салех буга чейин кызматтан кетүү жөнүндөгү чакырыктарды четке каккан, бирок азыркы бийлик мөөнөтү аяктоочу 2013-жылы кайра шайлоого барбоону убада кылган.

XS
SM
MD
LG