Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Чыгыш Ливиянын шаарларына аба соккулары жасалды


Кабарларга караганда, Ливия лидери Муаммар Каддафиге жан тарткан күчтөр бүгүн козголоңчулардын өлкөнүн чыгышындагы турумдарына абадан сокку урду. Күбөлөрдүн айтымында, андай аба соккулары Брега деген шаарда аэропортко, ал эми Аждабия деген шаарда козголоңчулардын турумдарына жасалган.

Мунун алдында Брега шаарында кечээ козголоңчулар каддафичил күчтөрдүн мунай өндүрүшүнө караштуу жайларды кайра алуу аракетинин мизин кайтарган эле.

Бул аралыкта Нидерландия анын үч аскери каддафичил күчтөрдүн колуна түшүп калганын ырастады. Алар кечээ Ливиянын түндүгүндө Европа жарандарын тик учак менен куткаруу аракети учурунда туткундалган.

Ал эми Эл аралык Кылмыш соту бүгүн Гаагада Ливиядагы кыянатчылыктар боюнча иликтөө баштагандыгын жарыялап, кылмышка шектүүлөрдүн ысымдарын жарыялары күтүлүүдө.

Ливиядагы тополоңдор бул өлкөнүн Тунис менен чек арасында ири гуманитардык кризис жаратты. Он миңдеген адамдар, көбүнесе египеттик жумушчулар мекенине кете албай, камалып турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG