БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун бүгүнкү маалыматына караганда, февралды кошкондо тамак-аштын баасы сегизинчи ай катары менен кымбаттады жана мунайдын кымбаттап жаткандыгын эске алганда баа дагы көтөрүлүүсү мүмкүн. Айыл чарба жана азык-түлүк уюму белгилегендей, өткөн айда алар мониторинг жүргүзгөн азык-түлүктүн канттан башкасынын баарынын баасы өскөн.