Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:12

ЕККУнун төрагасын түштүктөгү абал тынчсыздандырат


ЕККУнун төрагасы, Литванын тышкы иштер министри Аудронюс Аджубалис Кыргызстанга иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып, Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаал боюнча тынчсызданаарын билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта Ош жана Жалал-Абадда кырдаал оор, адамдардын укуктары бузулуп, жектөөгө кабылган фактылар дале бар. Аджубалис түштүктөгү абал татаал болгонуна карабастан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен укук коргоо органдарынын кырдаалды жашырбаганы маселелердин чечилишине өбөлгө түзөөрүн билдирди. Мындан сырткары жаңжалдан кийинки кырдаалды жөнгө салуу үчүн ЕККУ, Кыргызстандагы тартип коргоо органдарын реформалоо, чатакташкан тараптарды диалогго чакыруу өңдүү жардамдарын көрсөтмөкчү.

ЕККУнун төрагасы Аудронюс Аджубалис Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында өлкөнүн бир катар бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Кыргызстандын түштүк аймактарын кыдырып, жергиликтүү калк менен жолугуп келген. (KKs)

XS
SM
MD
LG