Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

Германия: аскерлерди аткан жигит исламчы деп шектелүүдө


Германиянын федералдык прокурорлорунун айтымында, алар кечээ Франкфурттун аэропортунда америкалык эки аскер кызматчыны мерт кылган жигит мындай кадамга ислам факторунан улам барган деп шек санашууда.

Немис ички иштер министри Хессе баштапкы иликтөөлөр ал исламчыл радикал экенин, бирок террордук түйүндөрдүн мүчөсү эместигин көрсөткөнүн билдирди.

Америкалык аскер кызматчыларды аткан соң качып кетүүгө аракеттенген жаш жигит азыр камакта. Ал жогорудагыдай кылмышка барганын моюнга алган, улуту албан, өзү Косоводон.

Кечээ Франкфурт шаарынын аэропортунда автобуста бара жаткан америкалык эки аскер кызматчыларды көздөй ок чыгарылганда, экөө каза тапкандан тышкары экөө жаракат алган. АКШ президенти Барак Обама жана немис канцлери Ангела Меркел кылмышты тергөө үчүн колдон келгендин баары жасаларын айтышса, Косовонун өкмөтү кол салууну айыптады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG