Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:38

АКШ президенти "Каддафи кетсин" деди


АКШ президенти Вашингтондогу маалымат жыйында Муаммар Каддафини Ливиянын жетекчилигинен кетүүгө чакырды.

- Биздин ачык айта турганыбыз - зордук-зомбулук токтотулсун. Муаммар Каддафи өлкөнү башкаруу укугун жоготту, эми бийликтен кетсин. Ливиялыктарга каршы күч колдонгон адамдар тиешелүү жазасын алышы керек. Ливия калкынын эркиндик, демократияны эңсөөсү жана ар-намысты урматоого татыктуу.

Ага чейин Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Каддафи менен анын жакындарына, уулдарына "адамзатка каршы кылмыш" деген негизде тергөө баштаарын билдирген.

Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Луис Морено-Oкампо Каддафинин аскердик күчтөрү Ливиянын бир катар шаарларына чабуул койгонун билдирип, "жазадан сыртта калуу болбостугун" эскертти.

Эл аралык Кызыл чырым уюуму ливиялыктарды дарыгерлерди сыйлоого чакырды. Мисрата шаарында дарыгерлердин 2 унаасы өрттөлүп, андагы эки адам жарадар болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG