Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Масалиев менен Сыдыковдун соту 10-мартка жылды


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Үсөн Сыдыков менен экс-депутат Искак Масалиевдин соту ишти карап жаткан судьянын ооруп калганына байланыштуу 10-мартка жылдырылды. 21-февралда өткөн соттук териштирүүдө "бийликти күч менен тартып алууга аракеттенген" деп айыпталган Искак Масалиевди 14 жылга, Үсөн Сыдыковду 18 жылга эркинен ажыратуу суралган. Соттун өкүмү 5-мартта белгилүү болоору кабарланган. Искак Масалиев да, Үсөн Сыдыков да өздөрүнө коюлуп жаткан айыптар менен макул эмес. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG