Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Франция Кыргызстанга демократияны өнүктүрүүдө жардам берүүгө даяр


Бул тууралуу Франциянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Бернар Акуайе 3-мартта президенти Роза Отунбаева менен Париждеги жолугушуусунда билдирди. Акуайе Кыргызстандын демократиялык коомду куруудагы жолу маанилүү экендигин айтып, мындан ары да кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин белгиледи. Мамлекет башчы Франциянын энергетика жаатындагы мол тажрыйбасын эске алуу менен ушул тармакта биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга болоорун белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кыргыз парламентинин депутаттар тобун Францияга парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө үчүн жөнөтүү туурасында макулдашты.

Роза Отунбаева Францияга жасаган иш сапарынын алкагында өлкөнүн Сенатынын жана айрым министрликтеринин өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG