Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:55

Отунбаеванын Франциядагы иш сапары уланууда


Президенттин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, мамлекет башчы Роза Отунбаева Францияда бир катар жолугушууларды өткөрүүдө. 3-мартта ал Франциянын тышкы иштер министри Ален Жюппе менен жолугушту. Ален Жюппе Кыргызстанга жардам берүү боюнча бардык маселелер Европалык союзда карала тургандыгын билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуунун бардык аспектилери эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү аркылуу толугу менен иштелип чыга тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынды. Тараптар биргелешкен долбоорлордун ишке ашыруусун тездетүү жөнүндө ойлорун айтышты.

Иш сапарынын алкагында президент Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-кеңсесинде болуп, Чыгыш тилдери жана цивилизациялары институнун иши менен да таанышты. Мындан сырткары Франциянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Бернар Акуайе, Франция Сенатынын төрагасы Жерар Ларше менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Президенттин Францияга иш сапары 3-мартта башталган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG