Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:34

Пакистанда киши колдуу болгон министрди акыркы сапарга узатышууда


Исламабад шаарында Пакистандын азчылыктар иштери боюнча министри Шахбаз Бхаттинин тажыясы болду. Өкмөттөгү жалгыз христиан Бхатти 2-мартта кол салуудан каза тапкан. Шаар полициясы тажыя өткөн чиркөөнү катуу кайтарууга алып, айланадагы имараттарга көзгө атаарлар жайгаштырылды.

"Ал Кайида" жана Пакистандагы талиптер министрди өлтүрүү үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алышты. Бхатти жаратканга акаарат келтирүү жөнүндөгү мыйзамды катуу сындагандардын бири болчу. Маркум туулган шаары Файзалабадга коюлмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG