Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Египеттин жаңы өкмөт башчысы элге кайрылды


Египеттин жаңы дайындалган премьер-министри Эссам Шараф Каирдин Тахрир аянтында чогулгандарга кайрылды. Өлкөнүн аскерий жетекчилиги ыңкылапчылардын талабына көнүп, 2-мартта мурдагы өкмөт башчынын ордуна Шарафты дайындаган. Тахрир аянтындагы чыгуулар президент Хосни Мубарак бийликтен кеткенден кийин да уланып келди. Демонстранттар алардын калган талаптарынын аткарылышын, атап айтканда саясий туткундардын койо берилишин, чукул кырдаал тартибин алынып салышын күтүп жатышканын ырасташууда. Мурдагы транспорт министри Шараф “колунан келгенин” жасаарына ишендирди. Ал өткөн айдагы толкундоолор маалында кызматын таштап, демонстранттарга кошулган.

XS
SM
MD
LG