Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Киммо Килюнен: 2010-жылдын июнундагы коогалаңды эл аралык иликтөө жыйынтыкталды


Түштүк Кыргызстан окуяларын иликтөө боюнча эл аралык комиссиянын башчысы, ЕККУнын парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Киммо Килюнен "Азаттыктын" Бишкек студиясында. 2011-жылдын 27-январы.
Түштүк Кыргызстан окуяларын иликтөө боюнча эл аралык комиссиянын башчысы, ЕККУнын парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Киммо Килюнен "Азаттыктын" Бишкек студиясында. 2011-жылдын 27-январы.

2010-жылдын июн айында Кыргызстандын түштүгүндөгү айрым жерлерде орун алган каргашалуу этностор аралык кагылышуу окуяларын иликтеген эл аралык көз карандысыз комиссиянын тыянагы быйыл март айынын соңуна карай жарыяланаары болжолдонууда. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысына 4-мартта билдирген аталган комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен (Kimmo Kiljunen) мырза баяндаманын негизги тексти Кыргызстандын өкмөтүнө жөнөтүлгөндүгүн да кошумчалады.

Тыянак бир добуштан бекитилди

- Алло, саламатсызбы, Киммо мырза, өткөн жылы июнда Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуяларды иликтөөнүн жыйынтыктарын качан жарыялаганы турасыздар?

- Ооба, биз бир жума мурун июнь окуяларын иликтөө боюнча эл аралык комиссия ишибизди жыйынтыктап, баяндамабызды Кыргызстандын президентинин жана өкмөтүнүн дарегине жөнөттүк.

Анткени жарыялана турган баяндамада алардын бул баяндама боюнча көз караштары кошумча материал катары кошо тиркелиши керек. Бирок Кыргызстандын өкмөтүнүн кошумчалай турган маалыматтарына карабастан, биздин баяндаманын тыянактары өзгөртүлбөйт.

Кыргыз бийлигинде биз жазып көрсөткөн жагдайлар боюнча өздөрүнүн мамилесин айрыкча бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү болот.

Ошондон кийин гана бул баяндама расмий жарыяланат.

Мен анын качан жарыялана тургандыгын так айта албайм. Качан алардын комментарийи даяр болгондо гана жарыялайбыз.

Менимче, март айынын соңуна барып жарык көрүп калат болуш керек.

Бул - Кыргызстандын өкмөтүнүн канчалык тез мамилесин билдиришинен көз каранды.


- Эреже боюнча баяндамадагы тыянакка эл аралык комиссиянын мүчөлөрү качан кол коюшу керек?

- Биздин колдорубуз толугу менен коюлган.

Ал биздин ишибиздин толук аяктагандыгын билдирет.

Баяндама толук даяр болду. Бирок биз аны азыр эле жарыялай албайбыз.

Анткени биз иликтөө боюнча мандат алып жатканда баяндамага карата Кыргызстандын өкмөтү дагы өзүнүн көз карашын берүүгө акылуу болот деп макулдашканбыз.

Ошондуктан алардын көз карашы биздин баяндама менен биргеликте жарыяланыш керекы.

-
Баяндаманын тыянагы бир добуштан бекитилдиби же комиссия мүчөлөрүнүн ичинен айрым жагдайлар боюнча өзгөчө пикирдегилер да болдубу?

- Биз бардык маселелер боюнча бир пикирге келдик.

Биздин комиссиянын ичинде эч кандай пикир келишпестиктер же карама-каршылыктар болгон жок.

Бул биздин жалпыбыздын бирдей талдообуздун жыйынтыгы болду.


Эки тараптын эпкинин эске алып...


- Айрым эл аралык агенттиктердин маалыматтына караганда, Сиздерде учурда чет өлкөлөрдө бозгунда жүрүшкөн өзбек диаспорасынын жетекчилери менен байланышуу мүмкүнчүлүгү болгон экен. Кимдер менен жолугуша алдыңыздар?

- Мен азырынча кимдер менен жолугушканыбыз тууралуу айта албайм.

Биз баяндама даярдоо жүрүмүндө жети жүздөн ашуун адам менен маек курдук.

Анын ичинде окуяга катышкан карапайым адамдар жана саясий лидерлер жана ар түрдүү коомдук катмардын өкүлдөрү болушту.

Ооба, биз учурда чет өлкөлөрдө жүргөн кишилер менен да маектеше алдык.

Бардык тараптардын маалымат берүүгө дилгирлиги бизге жагымдуу маанай тартуулады.

Ошондой эле Кыргызстандагы жетекчилер да эркин маалымат чогултууга уруксат бергендиги бизди кубандырды.

Мына ошондуктан улам, биз жетиштүү өлчөмдө керектүү маалыматтарды чогулта алдык.

- Комиссиянын ишин жыйынтыктоодо кайсы жагдайларга өзгөчө көңүл бурулду?

- Биз окуяга чейинки тарыхый жагдайларды да изилдеп көрдүк.

Ошондой эле мына ошол июнь окуялары башталганга чейинки өлкөдөгү саясий кырдаалга да көңүл бурдук.

Анан, эң эле башкысы, мына ошол убакта Ош менен Жалал-Абадда чындыгында эле эмне окуялар болду?

Ал окуялар кантип башталгандыгын ар бир мүнөтүнө жана ар бир күнүнө чейин карап чыктык.

Ошондой эле бул окуянын өөрчүшүндөгү кылмыштуу топтордун ролу кандай болгондугун жана анын эл аралык өңүттө кандай мүнөздөлгөндүгүн карадык.

Аягында бериле турган негизги сунуштарга көбүрөөк токтолдук.

Анткени мындан ары ушундай окуялар эч качан болбошу үчүн эмнелерди ишке ашыруу керектиги өтө маанилүү эмеспи
.

Жоопкерчиликтин сааттары ...

- Жакында июнь окуяларын иликтөө боюнча улуттук комиссия ага тийешеси бар деп эсептелген айыпкер адамдардын ысымдарын жарыялаган болчу. Сиздердин баяндамадан дагы конкреттүү адамдардын аттарын окуй алабызбы?

- Ооба, биздин баяндамада дагы, мурда айтылгандай, жоопкерчиликтер жааты да каралган. Эмнеге ушундай окуя болуп кеткендигин талдоого алдык. Институттук (түзүлүштүк) жана саясий жоопкерчилик боюнча тыянак да баяндамада бар. Бул - айкын. Бул көйгөйдү биз билебиз жана ал туурасында кеңири жаздык.

- Ташкен шаарында жайгашкан “Ош демилгеси” деген дагы бир уюмдун иликтөөсүндө бир этностук топту экинчиси кыргынга учураткан деген тыянакты сунуштап чыгышты. Буга сиз кандай карайсыз?

- Бул суроо эми биздин баяндаманын мазмунуна тийешелүү болуп калат го. Бул окуяларда бир жактуу этностук тазалоо болдубу, эки тараптуу кагылышуу болдубу, же болбосо кылмыштуу топтордун чагымы орун алдыбы? Мына ошонун бардыгын изилдеп, кылдат карап чыгып, талдадык. Бирок мен азырынча кандай жыйынтыктарга келгенибизди сизге айта албайм.

- Киммо Килюнен мырза, иликтөө матералдарынын өлчөмү кандай болду жана ал бардык тараптарды камтыдыбы?

- Бардыгы болуп жүз баракка жакын. Анын ичинде элүү сунуш бар. Албетте, биз ошол окуялардын негизги катышуучуларынын ар биринин ойлорун уктук. Бул баяндама абдан объективдүү жасалды.

- "Азаттык" үналгысына маек курууга макулдук бергендигиңиз үчүн чоң рахмат.

- Сиздерге да рахмат, жакшы туруңуздар.

Ош менен Жалал-Абат облустарынын айрым аймактарындагы 2010-жылкы июнь окуяларын иликтөө боюнча эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен мырза "Азаттык" үналгысынын суроолоруна өз атажурту Финляндиядан телефон аркылуу жооп узатты.

XS
SM
MD
LG