Шайлообек Дүйшеевдин чыгармачылыгы жана “Кайдыгерлик” аттуу чыгармасы Кыргыз адабияты сабагы боюнча 11-класстардын мектеп программасына киргизилди. Мындай чечим Билим берүү академиясында кабыл алынды. Аталган академиянын Уюштуруу, илимий-методикалык жана басма бөлүмүнүн башчысы Сейитбек Жаанбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, акындын чыгармаларын мектептерде окутуу 1-сентябрда башталат. (KKs)