Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Египет: Александрияда толкундоолор уланууда


5-мартка оогон түндө Египеттин экинчи чоң шаары Александрияда жүздөгөн адамдар Ички коопсуздук кызматынын имаратына чабуул жасашты. Каршы атылган октон бери дегенде үч киши набыт болгону кабарланды. Нааразылык акциясынын катышуучулары тактыдан кулатылган президент Хосни Мубарактын тушунда адам укуктарын айосуз бузганы үчүн коопсуздук кызматын жоюну талап кылышкан. Өкмөттүк маалымат булактары коопсуздук кызматынын аты аталбаган өкүлүнө шилтеп, башкармалыкты курчаган элге ок атылбаганын маалымдады.

Египеттин жаңы өкмөт башчысы Эсам Шараф жума күнү эрте менен байтак шаар Каирдин ортосундагы “Эркиндик” (Тахрир) аянтында миңдеген демонстранттар менен жолугуп, өзү да алардай эле өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөрдү каалаганын билдирди.

3-мартта Египеттин аскерий жетекчилиги Эсам Шарафты премьер-министр кылып дайындаган. Мубарак дайындаган мурдагы премьер демонстранттардын талабына ылайык кызматтан кетирилген.

XS
SM
MD
LG