Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Кытай премьери стабилдүүлүктүн буроосун көрсөттү


Бүгүн (5-мартта) Кытай парламенти - Элдик конгресстин жылдык жыйыны ачылды. 10 күндүк сессияда Кытайдын келерки беш жылдагы социалдык-экономикалык пландары жөнүндө кеңири сөз болот. Премьер-министр Вэн Цзябао жыйында сүйлөп, өкмөт социалдык туруктуулукка инфляцияны төмөндөтүү жана жемсөөлүккө каршы күрөштү күчөтүү аркылуу жетишээрин айтты. Өлкөдөгү проблемаларга токтолуп: “элдин күнүмдүк көйгөйлөрү дале чечиле элек. Сапаттуу билим берүүнү жана медициналык тейлөөнү элдин тегиз колдоно албайт. Бул инфляция өсүүсүнө, кээ бир шаарларда кыймылсыз мүлктүн баасы кескин жогорулашына, мыйзамсыз жер басып алууларга, үйлөрдү бузууга жана башка ушу сыяктууларга да байланыштуу болууда,"-деди Вэн.

Кытай өкмөтүнүн планы боюнча 2011-15-жылдары экономиканын жылдык орточо өсүүсү 7 процент болууга тийиш.

XS
SM
MD
LG