Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Барак Обама кайра шайлоо өнөктүгүн баштады


АКШ президенти Барак Обама өзү катарындагы Демократтык партиянын 2012-жылдагы шайлоо өнөктүгү үчүн каржы чогултууну баштоосуна көмөктөштү. Обама шайлоодо экинчи мөөнөткө ат салышат деп боолгонууда. 4-мартта Флорида штатынын Миями шаарындагы салтанатта сүйлөгөн Обама Кошмо Штаттардын экономикасынын оңолуусу демократтарга келери жылкы шайлоодо республикачыларды жеңүүгө мүмкүндүк берет деди:

- Биз бул жерге чогулганыбыздын дагы бир себеби - келерки шайлоодо жеңүү ниетибиз бар. Бизде болочок жөнүндө айкын көздөгөнүбүз бар. Биздин жеңишти каалаганыбыздын эч жамандыгы жок. Эгерде башкаларга караганда кайра бара турганыбызды жакшы билбесек, биз саясат менен алпурушмак эмеспиз.

Былтыр ноябрдагы өткөөл шайлоодо Республикачыл партия көпчүлүк округдарда демократтарды жеңип алган. Жыйынга мурдагы республикачыл президент Жорж Буштун иниси, Флориданын губернатору Жеб Буш менен чогуу катышканын серепчилер менен саясатчылар Барак Обаманын кош партиялуу башкарууга ыктаганынын жышааны катары баалашты.

XS
SM
MD
LG