Бүгүн, 6-мартта үрүл-баралда Триполиде, анын ичинде Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин резинеднцияна чукул мааледе катуу атышуулар болду. Ырасмий жетекчиликтин билдиришинче, Каддафинин тарапкерлери Раз Лануф шаарын өкмөттүк күчтөрдүн алганын майрамдап, асманга автоматтык куралдардан ок атышкан. Раз Лануф Ливиянын ортолугундагы мунай терминалдуу маанилүү порт. Эрегишчилердин ырасташынча, стратегиялык шаар алардын ээлигинде.
Ассоштэйтед Пресстин телекабарчылары Ливиянын учактары Каддафинин таянычы эсептелген Сирте шаарынын четиндеги козголоңчулардын өңүттөрүнө ракетадан сокку ура баштаган.
Ассоштэйтед Пресстин телекабарчылары Ливиянын учактары Каддафинин таянычы эсептелген Сирте шаарынын четиндеги козголоңчулардын өңүттөрүнө ракетадан сокку ура баштаган.