Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

Каддафинин аскерлери Раз Лануфту алганын айтууда


Бүгүн Ливиянын байтакты Триполинин эли автоматтык курлдардын тарсылдаган үндөрүнөн ойгонушту. Муаммар Каддафинин резиденцияна чукул жерде дагы октун үнү жаңырып жатты.
Ырасмий бийликтер Каддафинин тарапкерлери Раз Лануф шаарын өкмөттүк күчтөрдүн алганын майрамдап, асманга автоматтык куралдардан ок атышканын маалымдашты. Раз Лануф Ливиянын ортолугундагы мунай терминалдуу маанилүү порт. Эрегишчилердин ырасташынча, стратегиялык шаар алардын ээлигинде.

Рас Лануфка жакын Бин Жавад шаарчасында катуу согуш болгону кабарланууда. Эрегишчилер Бин Жаваддан Каддафинин таянычы эсептелген Сирте шаарына чабуул жасайбыз деп камандып жатышкан.

XS
SM
MD
LG