Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:48

Британия туткун жоокерлерин бошотуу аракетинде


Британиянын “Санди Таймс” басылмасы ливиялык козголоңчулар британ армиясынын атайын күчтөрүнүн жоокерлерин кармап алышканын жазып чыкты. Гезиттин жазышынча, атайын күчтөрдүн сегиз чакты аскери Каддафиге каршы көтөрүлгөн күчтөр менен байланыш түзгөнү бараткан орто даражалуу британиялык дипломатты күзөтүп бараткан экен.

Бул кабарды Британиянын коргоо министрлиги не тана, не ырастай элек. Бирок соңку маалыматтарга караганда, 6-мартта Британ тарап Бенгазиде эрегишчилердин туткунунда отурган жоокерлерини бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG