Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Эстония: Парламенттик шайлоодо бийликтеги партиялар жеңди


Шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтарына караганда, алардын бири - "Реформа" партиясын кечээги шайлоодо добуш бергендердин 29 пайызы, ал эми Борборчул партияны 23,3 пайызы колдогон. Бул премьер-министр Андурс Ансиптин башкаруучу коалициясына кирген эки партия парламенттеги 101 орундун кеминде 56сына ээ болот дегенди билдирет. Жалпысынан азыркы жолку шайлоонун натыйжасында эстон парламентине төрт партия кирип жатат. Парламенттеги 101 орун үчүн тогуз партиянын өкүлдөрүн жана көз карандысыздарды кошкондо 800дөй талапкер күрөштү.

XS
SM
MD
LG