Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Сауд Аравияда шийит динаятчысы камактан бошотулду


Таук аль-Амир өлкөдө конституциялык монархия орнотуп, азчылыкты түзгөн шийиттердин укуктарын кеңейтүүгө чакырган соң өткөн аптада камакка алынган. Жума күнү чыгыштагы Эл –Хуфуф деген шаарда жүздөй шийит анын бошотулушун талап кылып, демонстрация өткөрүшкөн болчу. Мунун артынан ишемби күнү Сауд Аравиянын бийликтери өлкөдө демонстрацияларга же башка нааразылык акцияларына тыюу салынганын эскертип, бул шарияттын мыйзамдарына жана сауд коомунун баалуулуктарына каршы келерин белгиледи. Кечээ бийликтин чечимин жогорку даражалуу динаятчылар да колдоп, реформаларга демонстрациялар аркылуу жетишүүгө мүмкүн эместигин билдиришти.

XS
SM
MD
LG