Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Президент АКШда Хиллари Клинтон баштаган жетекчилер менен жолугушат


Президент Роза Отунбаева АКШга болгон иш-сапарынын алкагында АКШнын мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолугушмакчы. Президент АКШга кечээ жөнөп кеткен. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, ошондой эле ал АКШнын президентинин атайын өкүлү, Улуттук коопсуздук кеңешинин Орусия жана Евразия чөлкөмү боюнча башчы директору Майкл Макфол, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Том Донилон, сенаторлор Жон МакКейн, Жон Керри, Илеана Рос-Лехтинен, Дүйнөлүк банктын президенти Роберт Зеллик сыяктуу маанилүү фигуралар менен жолугушмакчы.

Президент Роза Отунбаева Вашингтондо Мамлекеттик департамент уюштурган “Каармандыгы үчүн” аттуу аялдардын эл аралык сыйлык тапшыруу аземине катышмакчы. Буга чейин кыргыз президентин АКШнын Мамлекеттик департаменти дал ушул сыйлыкка көрсөтүп атканы кабарланган эле. (IJz)

XS
SM
MD
LG