Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Кыргыз президенти Вашингтондо бир катар жолугушууларды өткөрдү


Иш сапары менен АКШда жүргөн Роза Отунбаева Вашингтондо бир катар жолугушууларды өткөргөнүн бүгүн президенттин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Роза Отунбаева Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин имаратында АКШнын президентинин атайын өкүлү, Улуттук коопсуздук кеңешинин Орусия жана Евразия чөлкөмү боюнча башкы директору Майкл Макфол менен жолугушту.
Эки тарап Кыргызстандын күч түзүмдөрүн реформалоо, чек арасын коргоону бекемдөө маселелерин талкуулашты. Роза Отунбаева өз сөзүндө Кыргызстандагы көрүлүп аткан коопсуздук чаралары, Улуттук коопсуздук комитетинин алдында террорго каршы борбор түзүлгөнүн, кылмыштуулукка каршы көрүлүп аткан чаралар тууралуу айтып берсе, Майкл Макфол жакын арада коопсуздук жана күч түзүмдөрүн реформалоо жаатында АКШ тарап бир катар долбоорлорду кыргыз тарапка сунуштай турганын билдирди.
Кыргыз президенти Эл аралык билим берүү боюнча Америка кеңешинин жетекчиси Дэн Дэвидсон, БУУнун Европа жана КМШ аймагы боюнча директору Кори Удовички менен да жолугушту. (IJz)

XS
SM
MD
LG