Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Нарында бизнес форум өттү


Теңир-Тоо жергесинен чыккан ишкерлер Нарын областын өнүктүрүү боюнча 15 долбоорду ишке ашырат. Нарында жакында болгон бизнес форумга Бишкектен жана сырт жактан чакырылган ишкерлер жергиликтүү бийлик менен ушундай келишимге келишти. Үч долбоор Ат-Башы районунда, он экиси Нарын шаарында ишке ашырылмакчы. Айтылуу “Дордой” ассоциациясы элдик уздардын ишмердигин колдоого эки миллион сом, шаарда мончо салууга эки миллион сом инвестиция жумшамакчы. Казан шаарында иштеп жүрүп байыган ишкер Таштанбеков Дүйшөнбек Нарында кийим тигүү цехин иштетип баштап, ал жердеги иш орундарын 500 гө чейин жеткирмек болууда. ЖКнын депутаты Нариман Түлеев Нарын шаарында 7-апрель окуясынын баатырларына арналган эстелик куруу милдетин алды. Губернатор Канатбек Муратбеков өзү шаардын кире беришиндеги “Алма-Бак” багын оңдоп көрктөндүрүүгө 11 миллион сом жумшоону чечкени жарыя айтылды. Арак чыгарган “Аю” компаниясы Нарындагы универмагды чоң соода борборуна айлантып оңдоп, ошондой эле шаарда бокс боюнча спорттук машыгуу борборун салып бермей болду. Кыргызстанда баш көтөргөн ишкерлердин арасында Нарын жеринен чыккандар арбын. Ошондуктан тоолуу областтын бийлиги аларды туулуп өскөн аймагын өнүктүрүүгө кол кабыш кылууга чакырууда. (КС)

XS
SM
MD
LG