Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Өзбекстандык журналист Шерматова Москвада көз жумду


59 жашында көз жумган таанымал журналист, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү боюнча адис Санобар Шерматова Өзбекстанда туулган. Шерматова Ташкендеги Орус тили жана адабияты институтун, андан соң Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Москва шаарында туруктуу жашап, «Московские новости» гезити, «Большая политика», Фергана.ру сыяктуу басылмаларда эмгектенген.

Санобар Шерматова Кыргызстанга көп келип-кетип, ар кыл жыйындарга үзбөй катышты. Ал «Азаттык» үналгысы менен да тыгыз кызматташып, Борбор Азиядагы саясий өзгөрүүлөргө карата адистик көз карашын билдирип келген. Айрыкча 2010-жылдын июн айында Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжалга берген көз карандысыз талдоолору окурмандардын эсинде.

XS
SM
MD
LG