Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Ак үйдө АКШ жана Кыргыз президенттери жолугушту


Кыргыз Президенти Роза Отунбаева Вашингтондогу Ак Үйдө АКШ президенти Барак Обама менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулашты. 2011-жылдын 7-марты. Кыргыз президентинин расмий интернет барагы.
Кыргыз Президенти Роза Отунбаева Вашингтондогу Ак Үйдө АКШ президенти Барак Обама менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулашты. 2011-жылдын 7-марты. Кыргыз президентинин расмий интернет барагы.
7-марттагы жолугушуудан соң Вашингтондогу Ак Үй (АКШ президенттик кеңсеси) тараткан билдирүүдө АКШ президенти Барак Обама Кыргызстандын демократияга көчүүсүнө колдоо көргөзгөнү айтылат.
“Президент Обама жана президент Отунбаева демократияны куруу күн сайын жүрүүчү күрөш экендигине өзгөчө басым жасашты жана Кыргызстан буга чейин парламенттик демократия орнотуу жана эркин, адилет шайлоо өткөрүү үчүн оң кадамдарды жасагандыгын белгилешти”, - деп көргөзүлөт Ак Үйдүн маалыматында.

Обама ошондой эле кыргыз президентине "Манас" аба майданындагы АКШнын транзит борборун колдоп жатканына ыраазычылык билдирип, АКШ өз кезегинде базанын иш-аракетиндеги жана ага байланышкан төлөмдөрдөгү ачыктыкты (транспаренттүүлүктү) жакшыртуу чараларын көрүп жаткандыгын айткан.

Роза Отунбаева Вашингтонго бул ирет АКШ Мамлекеттик департаментинин “Каарман аялдар” сыйлыгын алуу үчүн барды. Сыйлык бүгүн (8-мартта) тапшырылат. Ал Барак Обама жана АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Том Донилон менен жолукканга чейин Карнеги корунда чыгып сүйлөдү.

Президент Роза Отунбаева өз сөзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсызданып, чек аранын бир чакырымына Кыргызстанда 3, Тажикстанда 7, Өзбекстанда 9-12 чек арачы туура келерин айтты.

Отунбаева белгилегендей, Кыргызстан чек ара коопсуздугу боюнча Орусия менен иштешүүдө, бирок Вашингтондон да көмөк алууну көздөйт. (UE/IZJ)

XS
SM
MD
LG