Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

ЕККУ Беларуска шайлоодон кийинки сотторго байкоо салуучу тобун жөнөтөт


Декабардагы президенттик шайлоону коштогон нааразылык акциясы учурунда камакка алынып, кылмыш иши козголгон активисттердин үстүнөн сот өткөн айда башталды. ЕККУ билдиргендей, уюмдун алдыдагы сот жараяндарга байкоо салуучу баштапкы тобу Минск шаарына 9- мартта келет. ЕККУ алгачкы соттордун жашыруун өтүшүн сынга алган.

Президент Александр Лукашенко жеңүүчү деп жарыяланган шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразылык билдирип, өткөн жылдын 19-декабрында демонстранцияга чыккандар күч менен таратылган болчу. Адегенде ошол жыйынга катышты делген жүздөгөн адам, анын ичинде президенттикке талапкер болгон 7 саясатчы камакка алынган.

Беларус бийликтеринин демонстранттарга жасаган катаал мамилеси АКШ менен Евробиримдиктин Минсктеги режимге каршы санкция киргизүүсүнө алып барды.

XS
SM
MD
LG