Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 20:36

Тажик президенти Пакистанда үч күндүк иш сапарын баштады


Эмомали Рахмондун кечээ башталган сапары Пакистан менен эки тараптуу алаканы жана экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулоого арналган. Ал Исламабадда президент Асиф Али Зардари, премьер-министр Юсуф Реза Гилани менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. Эки тараптын сүйлөшүүлөрүндө талкуулануучу экономикалык долбоорлордун арасында Пакистандын Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан аркылуу электр кубатын алуусуна шарт түзүүчү электр линясын куруу маселеси да бар. Бул долбоордун ишке ашуусу бир нече миллиард долларды талап кылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG