Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

АКШ Ливиядагы кырдаалды жөнгөрүү үчүн аскерий ыкманы да жокко чыгарбайт


АКШ жана анын НАТО боюнча өнөктөштөрү Ливия лидери Муаммар Каддафинин режиминин өз жарандарына жасаган мамилесине жооп берүү үчүн аскерий ыкманы да караштырып жаткандыгын АКШ президенти Барак Обама билдирди. АКШ президенти ага катар Ливия бийликтерине жарандарга каршы жасалган кыянатчылыктар үчүн жооп берүүгө туура келерин эскертти:

- Мен полковник Каддафинин айланасындагыларга ачык-айкын айткым келет. Мындан ары кандай аракеттенүүнү алар чечет жана уланып жаткан кыянатчылыктар кандай болбосун, аларга жооп берүүгө туура келет.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, күн тартибинде баардык ыкмалар, анын ичинде козголоңчуларды курал менен жабдуу маселеси да турат. Бирок Мамлекеттик департамент БУУнун курал эмбаргосу жоюлмайынча же өзгөртүлмөйүнчө мындай кадам мыйзамсыз болуп каларын айтууда.

Ал эми АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс аскерий чара эл аралык колдоо менен ишке ашырылуусу керектигин айтса, НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен бул үчүн БУУнун уруксаты керектигин белгиледи.

Орусия болсо Ливиядагы кырдаалды жөнгөрүү үчүн сырттан аскер күчү менен кийлигишүүгө каршы. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров “ливиялыктар өз көйгөйүн өздөрү чечүүсү керек” деп эсептейт.

Ал эми Брюсселден АКШнын НАТОдогу элчиси Иво Даалдердин билдиргенине караганда, НАТО Ливиянын аймагына радиоэлектрондук системанын жардамы менен абадан 24 саат бою байкоо салууну баштады. Бул чара альянстын мындан аркы кадамдарын аныктоого жардам берет.

Британия менен Франция болсо БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливия аймагын учууга болбой турган зона деп жарыялоочу резолюция кабыл алуусун көздөшүүдө. Аталган идеяны Перси булуңунун Кызматташтык кеңешине кирген өлкөлөр колдоду.

БУУнун координатору Валерие Амостун айтымында, Ливиядан кетүүгө аргасыз болгон же өлкөнүн ичинде качып жүргөн бир миллион киши гуманитардык жардамга муктаж. БУУ алдыдагы үч айда качкындарды убактылуу башпаанектөөчү жай, азык-түлүк, дары-дармек менен камсыздоо үчүн 160 миллион доллар сурады.

Бул аралыкта Ливияда өкмөткө каршы күчтөр менен Каддафинин аскерлери ортосундагы уруш уланууда. Бул жерде элдик көтөрүлүш башталгандан бери жүздөгөн адам өлдү, бирок маалымат каражаттарынын иши абдан чектелгендиктен алардын саны тактоо мүмкүн болбой жатат.

XS
SM
MD
LG