Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Түркияда Армения менен достукка арналган эстеликти алууга сот тыюу салды


“Анадолу” жаңылыктар агенттигинин билдиргенине караганда, Эрзурум шаарынын соту эстеликти алууга тыюу салган убактылуу токтомун кечээ чыгарды. Эстелик турган Карс шаарынын жергиликтүү кеңеши аны алуу чечимин өткөн айда бекиткен болчу.

Эки ортодо тарыхый кастыгы бар жана бири-бирине шек санап келген Түркия менен Армениянын достугуна арналган жана бийиктиги 30 метр келген эстелик 2006-жылы орнотулган болчу.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган быйыл январь айында Карс шаарына барганда бул шаардын мэрине жана өзүнүн партиялашына толук бүтпөй калган эстеликти “кемтик” деп атап, ал алыныш керектигин айткан.

XS
SM
MD
LG