Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Башкы прокуратура окко учкан “Альфачынын” ишин кайра кайтарды


Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин “Альфа” атайын бөлүгүнүн кызматкери Жеңишбек Бабараимовдун каза табышы тууралуу кызматтык териштирүүсү боюнча материалын карап чыгып, аны кайра артка кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура УКМК жетекчисине бул факты боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүү керектиги тууралуу катты 11-январда эле киргизген. Бирок УКМК жетекчилиги “Альфачынын” өлүмүндө эч кандай мыйзам бузууларды тапкан эмес жана ага жооптууларга карата тартиптик чара көргөн эмес. Ошол себептүү Башкы прокуратура Куралуу күчтөрдүн тартиптик уставынын 54-беренесине таянып, бул ишти кайра териштирүү үчүн артка кайтарды.

УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн кызматкери Ж.Бабараимов 5-январда террорчулар деп шектелген топту жок кылуу операциясы маалында окко учкан эле. Кийин ал “7-апрелде демонстранттарга ок аткан” делип айыпталып аткан "альфачылардын" бири экени аныкталып, үй камагында жүргөн аскер кандайча атайын операцияга катышап калганы тууралуу талаш-тартыш күчөгөн. (IJz)

XS
SM
MD
LG