Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Аба ырайы


10-мартка карата синоптиктердин аба-ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактардын унаа жолдорунда тайгак, тоңголок болот. Шамалдын багыты улам өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1… +4 даража, күндүз 12…17 даража жылуу болот. Талас облусунда түнкүсүн -4…+1 даража, күндүз 12…17 даража жылуу. Баткенде түнкүсүн -1… +4 даража, күндүз 11… 16 даража жылуу, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1… +4 даража, күндүз 12…17 даража жылуу, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5 даража, күндүз 4…9 даража жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9 даража, күндүз 2… 7 даража жылуу болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -22... -27, күндүз -1... -6 даража.

Бишкек шаарында 10-мартта жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты улам өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0… 2 даража жылуу, күндүз 14… 16 даража жылуу болот.

XS
SM
MD
LG