Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Каддафи козголоңчуларды «саткынчылар» деп атады


Ливиянын лидери Муаммар Каддафи ага каршы чыгып жаткандарды «саткынчылар» деп айыптаса, анын күчтөрү козголоңчулар ээлеп алган шаарларды абадан, танк жана артиллерия менен аткылап жатканы айтылууда. Бүгүн эртең менен Каддафи сыналгы аркылуу сүйлөгөн сөзүндө АКШ, Франция жана Британия Ливиянын кара май чыккан жерлерине ээлик кылуунун жашыруун планын көздөп жатат деп билдирди.

Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кетрин Эштон Страсбургдагы Европарламентте сүйлөгөн сөзүндө Еврошериктештик Ливияга аскердик миссияны өлкөдөн адамдарды алып чыгууга жана гуманитардык кризисти жоюу үчүн жибере тургандыгын билдирди.

Жума күнү өтчү Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда Ливиядагы кырдаал талкууланат. Ал ортодо Ливиядагы козголоңчулар ээлеп алаган Завия шаарында 50дөй танк аралашкан катуу согуш болгону кабарланды. Каддафинин күчтөрү Рас-Лануф жана Бин Жавад шаарларына чабуул койгону мурда айтылган.

Батышта Ливиянын аба мейкиндигин чектөө тууралуу бирдиктүү чечим азырынча жок.

XS
SM
MD
LG