Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Бабанов “Мегаком” айланасындагы кептерди четке какты


Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго кат жолдоп, “Альфателекомго” байланыштуу имиштерди тактоо боюнча депутаттык комиссия түзүү өтүнүчүн билдирди. Ал “Бабанов “Мегакомго” байланыштуу маселелерди чечүү үчүн орус тараптан 50 миллион доллар сураган” деген кептерди тактоого чакырды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, өзүнүн катында Бабанов, "Мегакомго" байланыштуу эч кимге жолукпаганын, айтылган кептер негизсиз экендигин белгилеген. “Мен комиссиянын бардык суроолоруна жооп берүүгө даярмын. Жашыра турган эч нерсе жок”, - деп билдирген Бабанов.

9-мартта Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасы Алексей Островский жана депутат Семен Багдасаров Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында маалымат жыйынын өткөргөн. Алар Өмүрбек Бабанов “Мегаком” компаниясын иштетип келатышкан орусиялык ишкерлерди рыноктон сүрүп чыгуу, компанияны алардан тартып алуу аракеттерине аралашып, кыргыз-орус мамилесине залакасын тийгизги деп айтышкан.

Апрель окуясынан кийинки улутташтыруу жараяны учурунда “Альфа телеком” ишканасынын 49% акциясы мамлекеттин колуна өткөн. Ал эми негизги көзөмөл акциясына Орусиянын Penwell Business Limited компаниясы ээлик кылат. (KKs)

XS
SM
MD
LG