Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

“Санпа” пахта заводунун жанында адамдын баш сөөгү табылды


Сузак айылынын Топурак-Бел аймагында жайгашкан “Санпа” пахта тазалоочу заводдун жанында жерге жарым жартылай көмүлгөн адамдын күйгүзүлгөн баш сөөгүнүн калдыктары табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Таалайбек Сусунбаев “Азаттыкка” билдирди. Табылган баш сөөк боюнча кылмыш иши козголуп тиешелүү экспертизалар дайындалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул сөөк өткөн жылдагы июнь коогасы учурунда “Санпа” заводундагы кагылышууда дайынсыз жоголгон адамдардын бирине тиешелүү болушу мүмкүн.

2010-жылдын 12-13 июнь күндөрү Сузак районунун Топурак-Бел участкасынын “Санпа” пахта тазалоочу заводдун алдында массалык баш аламандык уюштурулуп, 16 адамдын өмүрү кыйылган. Мындан сырткары 9 автоууна өрттөлүп, 2 адам дайынсыз жоголгон.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад облустук соту 9-мартта жабырлануучулар менен соттолуучулардын апелляциялык арыздарын карап чыгып өкүмүн чыгарган. Ага ылайык 18 киши өмүр бою, соттолуучулардын улуусу Усманжан Аблазов 25 жылга эркинен ажыратылды. (KKs)

XS
SM
MD
LG