Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:31

Масалиев менен Сыдыковго карата сот өкүмү чыгуу алдында


Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Үсөн Сыдыков менен экс-депутат Искак Масалиевдин ишин карап жаткан Биринчи май райондук соту өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыкты. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, сот имаратынын алдында айыпталуучулардын 20 чакты тарапкерлери соттолгондорду актоого чакырган плакаттарды көтөрүп турушат.

Соттолуучуларга 2010-жылдын 13-14-май күндөрү Ошто, Жалал-Абадда "бийликти күч менен алууга аракеттенген", "массалык башаламандык уюштурган" деген айыптар тагылып, Исхак Масалиевди 14 жылга, Үсөн Сыдыковду 18 жылга эркинен ажыратуу суралууда. Айыпталып жаткандар өздөрүнө каршы козголгон кылмыш ишин саясий буйрук катары сыпатташууда. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG