Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Баңги заттарга суроо-талапты кыскартуу үчүн методон колдонуу сунушталууда


Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева Кыргызстанда баңги зат колдонгондордун санын азайтып, суроо-талапты төмөндөтүү үчүн методон деп аталган атайын каражатты колдонуу демилгесин көтөрүүдө. Ал мындай пикирин Бишкекте маң заттар маселесин талкуулаган жыйында билдирди. Анын айтымында, баңги зат колдонгондорго аталган каражатты берүү менен бул заттарга болгон көз карандылыкты азайтууга болот.

Психотерапевтикалык дарылоо каражаты деп эсептелген методон – оор стадиядагы баңги зат колдонуучуларды дарылоочу каражат катары бир катар өлкөлөрдө колдонулуп келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG